Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тар чөйрөдө чек ара боюнча сүйлөшүүсү 6 саатка созулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына расмий делегациянын ичиндеги мүчөлөрдүн бири айтып берди.
Жолугушуу жаңы эле бүткөнүн билдиришти. Азырынча президенттин администрациясынан расмий маалыматтар келе элек. Мамлекет башчылары чек ара маселесин талкуулашты.
Учурда жолугушуу кеңейтилген форматта өтүп жатат.