Кыргыз өлкөсүнө Түркмөнстандан 21 миллион доллардан ашык суммага жүк келип түштү. Жашылча-жемиш, санитардык-техникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишимдер президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапарынын учурунда жетишилген. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Белгилей кетсек, 27-июнда Кыргыз-Түркмөн экономикалык форуму болуп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда келишимдерге кол коюлган. Жетишилген келишимдердин алкагында эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда кийим-кече жана бут кийим өндүрүшүн, инвестициялык иш-аракеттерди жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Жогорудагы макулдашууларга ылайык, бүгүн Бишкекке жүктөр учак менен келди.
Бишкектеги аэропорттон жүктү президенттин администрациясынын аппарат жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Ал "Сөздөн ишке өтүүгө мезгил келди. Жүк Түркмөнстандан келди, демек, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу башталды. Келечекте биздин кызматташуубуз кеңейет деп ишенем", - деди.