Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Арапжанова Махичехра Алимжановна дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 25-июнь күнү саат 07:00 чамаларында Кызыл-Кыя шаарындагы үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 03657 102, 5-04-20; 0773 400-401, 0554 764-494, 0773 111-146: