Акыркы күндөрү Канаданын бир нече шаарларында күндүн катуу ысышынан улам жүздөн ашуун адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Андагы маалыматта айтылгандай, Бернаби шаарынын полиция кызматкерлери күтүүсүз өлүм учурлары катталган көптөгөн чалуулар келгенин, анын ичинде 30дан ашуун чалуу жогорку температурадагы ысыктан катталгандыгын билдиришкен.
Ошол эле учурда Ванкувер шаарынын укук коргоо органдарына ысык аба ырайы катталгандан бери 65 күтүүсүз өлүм тууралуу чакырык түшкөн. Ага жакын Сюрре шаарында 38 өлүм катталган.
Канаданын Айлана-чөйрөнү коргоо департаменти тургундарга эскертүү берип, өлкөдө жогорку температура ушул жумада дагы уланарын билдирген.