Биз социалдык тармакта

Депутат: "Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти"

"Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти", - деп бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Башкы прокуратура мыйзамды жазып, сунуштайт. Тергөө жана башка ыйгарым укуктары пайда болуп калды. Адам укуктары сакталбай калды. Сиздин убагыңызда эле канча кишини УКМКга тыгып, күрөөнү төлөгөнчө чыккан жок. Кайсы мамлекетте жашап калдык? Бул мыйзам долбоору адам укуктарын сактабайт го", - деп ал башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Зулушев: "Сиз таң калбаңыз, биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Азыркы колдонулуп жаткан Кодексте канча кемчиликтер болуп жатканын көрүп жатасыз. Прокуратурада бул укуктар мурда эле болгон", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-06-30 14:06:52
Зулушев,Ташиев,Жапаровдор дос болуп бийликке келип,эми оздоруно ылайык закон туздуруп алып,чимкириктерди и башы айланган элди колдотуп алышты.Эми озум билем отугуму торго илем болот бул жагы
-5
Rusi79
2021-06-30 14:58:12
Эч нерсе жакпаган эл экенбизда,чиновниктерди кармаса саясий куугунтук,кармабаса кошо жегич,кысчуу жеринерди кысып жашагылачы эн баш Эл болуп кеттик.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан