Ханбийке Диананын дээрлик 40 жыл мурун айдаган Ford Escort унаасы Англиянын түштүк-чыгышындагы Эссекс графтыгында өткөн Reeman Dansie аукционунда 52 миң 600 фунт стерлингге (73 миң доллардан ашык) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аукциондун катышуучуларынын айтымында, ханбийкенин 1981-жылы британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльз тарабынан белекке келген унаасы телефон аркылуу байланышка чыккан белгисиз жаранга сатылган.
Буга чейин Ханбийкенин Austin Mini Metro деген биринчи унаасы 1990-жылдары 6000 фунт стерлингге (8 миң 500 доллар) сатылган.