Биз социалдык тармакта

"Кызды көргөндөр милицияга билдирген". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык студент кыз табылды

Буга чейин Жалал-Абадда окуган өзбекстандык 18 жаштагы студент кыз бир жарым айдан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

24-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан Өзбекстандын Шерзод кызы Севинч аттуу жараны дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген. Анда аталган кыз 3-майдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылган.

"Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар берилген. Натыйжада дайынсыз болуп жаткан кыз Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган аймактан табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилди. Небереси табылганына кубанган чоң эне милиция кызматкерлерине, жалпы кыргыз коомчулугуна ыраазычылыгын айтты", - деп билдиришти облустук милициядан.

Севинч Шерзод кызы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунун студенти.

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык студент кыз табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
SHahabidin-jabborov
2021-06-30 18:05:25
Кайда журген экен
+6
Aidan_Ek
2021-06-30 23:35:55
Акмак кыз, энесин ойлобогон!
-1
bratanyn
2021-07-01 12:09:15
Энеси мал жоготуп тапкандай сүйлөйт го.Таап беришти палан сайда оттоп жүргөн экен деп.Акыл эси ордунда эмес бул кыздын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан