Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Ооганстандагы миссиясы аяктап кечээ, 29-июнь күнү Мазари-Шариф шаарындагы аскердик лагерде калган акыркы немис жоокерлери төрт аскердик учак менен Ооганстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, немис аскерлери Ооганстанда болгонуна 20 жылдай болуп, бул убакыт аралыгында 59 немис аскери Ооганстанда каза болгон. Өз кезегинде Германиянын коргоо министри 2001-жылдан бери Ооганстанда 150 миңге жакын немис жоокери кызмат өтөгөндүгүн айтып, ал өлкөдөгү миссияга катышкан жоокерлердин ар бирине ыраазычылык билдирген.
Германия аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы АКШ президенти Байдендин Ооганстандагы чет элдик миссияны токтотууга чакырып, "Оогандар өз келечегин чечиши керек" деп айтканы себеп болгон.