Биз социалдык тармакта

31-июлга чейин камакка алынган Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү

31-июлга чейин камакка алынган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Сот аны эч жакка чыкпоо чечими менен чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

"Биринчи Май райондук сотунун 29-июндагы токтомуна ылайык, Тайырбек Сарпашевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүү аяктаганга чейин анын туруктуу жашаган жеринен чыкпоосу жөнүндө кол коюу түрүндө бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү", - деп билдиришти мекемеден.

УКМКнын маалыматы боюнча, Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатканда канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр" кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталган.

19-июнда Биринчи Май райондук сотунда Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы каралып, ал 31-июлга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shabi
2021-06-30 19:48:17
Шоу буттубу.
+8
Real98
2021-06-30 20:18:35
31 июльга чейин эс алууга кетти десем,көптөр тепкилеп калышкан эле... Эй кыргызым азыркы бийлик жөн эле шоу көрсөтүп атат! Көзүңдү ач! Раим камалбаганда эле түңүлгөм 3 достон.
+6
heaven2016
2021-06-30 21:20:24
Real98, туура жалаң шылуундар келди
+1
modem4999
2021-07-01 18:45:06
Садыр алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан