Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулган. Бардык катышуучулар алдын ала ПЦР-тест тапшырышкан.
Иш-чара саат 10:00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.