Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Рапиль Жошыбаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Туймебаев өзү жетектеген окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача тааныштырып, жогорку окуу жайдын билим берүү системасын өнүктүрүү жана илимий-изилдөө базасын түзүү пландары менен бөлүштү.
Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында тараптар:
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүндө Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу маселесин талкуулоо үчүн курамына министрликтин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү кирген биргелешкен жумушчу топту түзүү тууралуу макулдашуу болду.