Көпчүлүк адамдар жай мезгилинде алыскы жактарга барып эс алууну каалашат. Учурда унаа менен саякаттасаңыз арзан эмес. Мындай учурда күйүүчү майды үнөмдөөнүн бир нече жолдору бар экенин орусиялык унаа адиси Егор Васильев жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген.
Анын айтымында, унааны алыс жолдо кескин ылдамдатуудан жана ылдам токтотуудан алыс болуш керек. Ал эми өйдөгө аз чыгым менен чыгуу үчүн төмөн түшкөндө унаанын ылдамдыгын тездетип алыш керек.
Эксперттин айтымында, саатына 90-100 чакырым ылдамдык күйүүчү майды оптималдуу сарптоо болуп саналат. Эгер тезирээк жеткиңиз келсе, анда унааңыз күйүүчү майды көбүрөөк сарптайт. Ошондой эле кондиционерди жана музыканы өчүрүү менен дагы күйүүчү майды үнөмдөөгө болот.
Эксперт унаага сапаттуу күйүүчү май куюу менен дагы күйүүчү майды үнөмдөөгө болорун баса белгилеген.
Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы барган сайын жогорулап жатат. Бүгүн, 1-июлга карата Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 бензининин баасы болжолдуу 51 сомду түзүүдө.