Орусиянын Санкт-Петербург шаарында электросамокатчан эки кыз бетме-бет кагылышып жерге кулашты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Жазылып калган видеодон бири-бирине карама-каршы жогорку ылдамдыкта келе жаткан электросамокатчандар кагылышып, андан кийин алар жыгылып калганын көрүүгө болот.
Ал эми орусиялык басылмалар кыздар оор жаракат алып, учурда ооруканада жаткандыгын жазышты.