Британиялык дарыгер жана блогер Али Абдаал уйкуну жакшыртуунун сырларын айтып берди. Анын билдирүүсү чет элдик басылмаларда жазылды.
Блогер жана дарыгер бир убакта уйкусу жакшы болбой, эртең менен чарчаңкы болуп туруп, жакшы уктабагандыктан күн бою чарчап, уйкусурап, көңүлсүз болуп жүргөн убагын эстеп, бул көйгөйдөн кантип арылганын айтып берген. Жөнөкөй гана эрежелерди сактагандан кийин анын уйкусу жакшырып, күн бою сергек болуп жүрөрүн кошумчалаган.
"Мурда жатып алып да телефон карасам, эми уктаар алдында телефонумду керебеттен алыс жерге кубаттагычка сайып коём. Терезеден жарык нурлар тийбей тургандай кылып жаап коюу да бейпил уйкуга киришүүгө жардам берет. Ошондой эле бөлмөнүн температурасы 19 градуска барабар болушу туура. Жакшы уктоого таасир берүүчү дагы бир фактор - бул саат 14:00дөн кийин кофе ичпөө. Себеби кофеин канда көп убакытка чейин сакталат. Мындан тышкары эртең мененкиге ойготкуч саатты телефонго эмес, атайын ойготкуч саат колдонуу пайдалуу. Себеби телефондогу ойготкуч саатты өчүрүп салуу абдан эле оңой.
Ал эми жаткандан кийин уйкуңуз келбей, ары-бери оонап жатсаңыз дем алуунун темпин көзөмөлдөп, акырын дем алып, кайра дем чыгаруу керек. Андан соң колдун бармактарынан баштап буттун учуна чейин, бүткүл денени бош коюп эч нерсени ойлобогонго аракет кылуу керек", - деген дарыгер жана блогер Али Абдаал.