Казакстан тейлөө чөйрөсүндө, соодада жана билим берүү тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттендирилди

Казакстан өлкө боюнча тейлөө чөйрөсүндө, соода жана билим берүү тармагында иштегендерди милдеттүү түрдө эмдөө алууну киргизди. 2-июлдан тарта бардык кызматкерлер эмдөөдөн өтүшү керек болот. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Жаңы талаптар калкты тейлөө борборлору, банктар, каржы базарынын объекттери, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк агенттиктери жана жарнама агенттиктери, дээрлик бардык байланышты талап кылган жумуштарга тиешелүү. Эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге аптасына бир жолу ПЦР анализин алуу талап кылынат. Анализ тапшырууга кеткен каражатты кызматкерлер же жумуш берүүчүлөрү төлөш керек болот. Талап эмдөөгө медициналык каршы көрсөткүчтөрү бар адамдар, ошондой эле акыркы үч айда коронавирус менен ооругандарга милдеттендирилбейт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин өкүлү Ержан Байтанаев жаңы норма бузулган учурда юридикалык жак дагы, кызматкер өзү дагы жазаланарын айтып, бул мыйзам бузуу үчүн 87 миң 510 тенгеден 4 миллион 600 миң теңгеге чейин айып пул салынарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан