Биз социалдык тармакта

Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин 5 көчө ачылды

Бүгүн, 1-июлда Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин 5 көчө ачылды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар:

  • Огонбаев көчөсүнүн Ибраимов-Осмонкул көчөлөрүнө чейинки бөлүгү;
  • Ак-Ордо конушунун Айбийке көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Логвиненко көчөсүнүн Фрунзе-Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
  • Арча-Бешик конушундагы Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахманов-Масалиев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү;
  • Ак-Тилек конушунун Элебесов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү.

"Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 3 чакырым 2 метр, тротуарлардын туурасы 1 жарым метрден 3 метрге чейин. Кытай тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70,87 чакырымды түзгөн 60 көчө реконструкцияланып, беш көпүрө курулат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан