Бүгүн, 1-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 84 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 1-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 111 миллиард 84 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 642 метр куб, агып чыгышы 364 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
30-июнда суу сактагычта 11 миллиард 60 миллион метр куб суу бар болчу.