Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Унгар-Тоодогу станция тууралуу фотобаян

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын аймагындагы Унгар-Тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясы өлкөнүн түштүк аймагына Орусиянын ОРТ, РТР, жергиликтүү КТРК, ЭлТР, ЖТРК телеканалдарын көрсөтөт. Андан сырткары өлкөдөгү 5 радионун уктуруусун трансляциялайт. Унгар-Тоонун жалпы аянты 45 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 1947 метр бийиктикте турат.   

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында аталган ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык 60 чек арачы тик учак менен барып, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери 7 күндөн кийин тоого сайган желегин алып, Аксынын аймагынан чыгып кетишкен. Бул арада аймакта абал бир топ курчуп барып басылды. Аксы районундагы "Аксы районун коргоо кыймылы" КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдон 7-октябрда Аксыга барып, чек ара боюнча элге маалымат беришин талап кылышкан эле. Токон Мамытов аксылыктарга 23-октябрда барып жолукту. Унгар-Тоодо жайгашкан аталган станция боюнча фоторепортажды сунуштайбыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан