TikTok видеонун узактыгын үч мүнөткө чейин көбөйттү

TikTok социалдык тиркемеси жүктөлгөн видеолордун максималдуу узактыгын бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин узартты. Бул тууралуу аталган социалдык тармактын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Жакынкы аптада биз колдонуучуларга TikTok'то узунураак видеолорду жаратуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Бул биздин эл аралык коомчулукка тикелей TikTok'то үч мүнөткө чейин видео тартуу, жүктөө жана түзөтүү мүмкүнчүлүгүн берет", - деп жазылган билдирүүдө.

Тиркеменин коомчулук менен байланыш кызматы түшүндүргөндөй, буга чейин функция айрым гана колдонуучуларга жеткиликтүү болгон, мындан кийин бардыгы аны колдоно алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2021-07-02 17:45:50
3саат карап отурдум ушул тик токту озумо эч кандай жакшы нерсе ала албадым, керексиз нерсе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан