Жогорку Кеңеште депутаттык топтордун мүчөлөрү парламенттик комиссиялардын курамына кирип иштешине уруксат берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 28-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров депутаттык топтордун статусу тууралуу сунуш айтты. Бакиров депутаттык топтогу эл өкүлдөрүнө кошумча укуктарды бериш керек деген ойдо. "Депутаттык топтордун мүчөлөрүнө Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссияларга кирип, иш алып баруусуна укук бериш керек. Фракция депутаты кандай сунуш-пикирин айтса, депутаттык топтун мүчөсү деле ошондой сунуштарын айтып, комиссиянын ишинин натыйжалуу болушуна салым кошот. Мунун эч кандай жаман жагы жок",- деди Бакиров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан