Биз социалдык тармакта

Чехияда каза болгон Кыргыз жаранынын өлүмү териштирилүүдө

Чехияда каза болгон Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашып, маселе министрликтин көзөмөлүнө алынганын белгилейт.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Австриядагы элчилигине Кыргыз жараны каза болду деген билдирүү келип түшкөн.

"Өлүмдүн жагдайларын тактоо боюнча тез арада тиешелүү чаралар көрүлгөн. Учурда Вена шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги бардык жагдайларды тактоодо. Ошондой эле "Жүк-200дү" Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча тийиштүү иштер уюштурулду. Биздеги маалымат боюнча, ишти Чехиянын полициясы тергеп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан