Ош. Шаар жаштары акысыз медициналык билим алышат

Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети "Медицина" окуу долбоорун алып барууда. Аталган окутуу долбоору өз ичине алгачкы тез жардам көрсөтүү, массаж түрлөрү жана ымыркайга кам көрүү  окууларын камтыйт. Окуйм деген адамдардын жашы чектелбейт, анткени акыркы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн ичинде жашы 50гө жакындап калган аял да бар. "Окутуу шаардык ооруканаларда  өтүп, тажрыйба жүзүндө көрсөтүлөт",- дейт комитеттин башкы адиси Медер Абдыманапов. Окутуу жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда акысыз жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан