Нурсултан Назарбаев эмне себептен эс алууга кете албастыгын айтты

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бардык ишти таштап эс алууга кетүүнү каалаган жашка келгенин, бирок аны аткара албай тургандыгын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Чынын айтсам, мен өз курагымда баарынан алыстагым келет, бирок колумдан келбейт. Анткени көптөр кат жазып, жолугушууну сурашат, ошондуктан иштегенге туура келет. Почта чоң, эл аралык жана өзүбүздүкү, бирок бул жакшы болсо керек. Мээ иштеп туруусу үчүн дагы бир нерсе менен алек болуу керек", - деген Назарбаев.

Казакстанды дээрлик 30 жыл жетектеген Назарбаев 2019-жылдын 20-мартында президенттик кызматтан кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы жана бийликтин "Нур Отан" партиясынын лидери кызматын сактап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek56
2021-07-02 13:36:12
Азыр деле ушул башкарат да, ким эле азыркысы Токай беле ал болгону курсак да бас десе басат жат десе жатат
+8
nazira...
2021-07-03 01:11:32
Тооба, же адамдардын баары эле ушубузбу. Дегеле тойбойт экенбиз да, качан өлмөйүнчө. Авторитет деле түшуп кетет да, бошотуп бериш керек, тапканынын баары чачылып кетпесе, абиири айрандай төгүлбөсө эле болду. Казакстанды казакстан кылып аты бар эле, эсин барда этегини жый эми, и так эле алжып калыптырсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан