Биринчи Май райондук сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган соттун басма сөз кызматына кайрылганыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун ушул жылдын 1-июлундагы чечими менен шектүү Молдакматовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү 2021-жылдын 6-сентябрына чейин узартылды", - дешти мекемеден.
Башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.