Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин Тажикстандын президенти менен таанышуу учурундагы видеосу тарап, талкуу жаратты. Анда коңшу өлкөнүн лидери Эмомали Рахмон менен таанышуу учурунда Абдикарим Алимбаев колун көкүрөккө койгон эмес. Ал учурда Кыргыз өлкөсүнөн барган делегациянын башка мүчөлөрү колун көкүрөккө коюшкан.
Абдикарим Алимовдун бул кылганын көпчүлүк интернет колдонуучулар колдоп, жылуу пикирлерин калтырышууда. Талкуу жараткан видео боюнча министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө байланышканыбызда учурда чек арада жүргөнүн айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Президент Садыр Жапаров баштаган делегация 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапары менен барып кайткан.