Стресске туруштук берүү үчүн кандай азыктарды пайдалануу керек? Диетологдун жообу

Индиялык врач жана диетолог Шивани Сикри ар дайым сергек, көңүлдүү болуп, стресске кабылбоо үчүн кандай азыктарды колдонуу керектигин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтып берген.

Анын айтымында, алгач организмдеги С витамининин жетишсиздигин толуктоо керек. С витамини организмге кубаттуулук берип, иммунитетти жакшыртат. Бул витаминди киви, цитрус жемиштерин, шпинат, болгар калемпирин колдонуу менен алууну сунуштаган.

"Курамында белок бар азыктарды күнүмдүк рациондо колдонуу организмге күч-кубат берет. Ошондой эле чарчаңкы болуп жүрүү организмде темирдин жетишсиздигинен да келип чыгат. Ал үчүн буурчак, тофу, киноа, кургатылган мөмөлөр, кара шоколад жеп туруу керек.

Мындан сырткары шафран кошуп сүт ичип туруу стрессти жана чарчоону жеңүүдө пайдасы зор. Ал эми эртең менен күндү имбирь, лимон кошулган суусундук ичүү менен баштап, 2 даана киви жеп коюу да пайдалуу. Стресске туруштук берүүнү жакшыртуу үчүн бал жана банан колдонуу керек. Ошондой эле шоколад жеген да пайдалуу, бирок кант диабети менен жабыркагандар таттууну абайлап колдонушу керек", - деген диетолог.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekturbek
2021-07-03 00:12:43
Алкымың таза болсо, Аллага деген ыйманың түз болсо стресске түшпөйсүз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан