Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцина тукумсуздукка алып барат деген имиштерге 7-каналга берген маегинде жооп берди.
Айтымында бул кептер изилдене элек.
"Вакцина - жаңы дары. Бул тукумсуздукка алып келеби же жокпу, эч ким билбейт. Ал сегиз ай мурун гана иштелип чыккандыктан али изилдене элек. 10 жылдан кийин бул вакцина тукумсуздукка алып келеби же жокпу, балким ошондо айта алабыз", - деди Бейшеналиев.