Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев: "Депутаттар сындаган сайын менин эл алдындагы кадыр-баркым көтөрүлүүдө"

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын ага карата айтылган сындары кадыр-баркын көтөрүп жатканын 7-каналга маек берип жатып айтты.

"Биз Кыргыз өлкөсүндө жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек, анткени бул жерде баарын айтууга болот. Сөз эркиндиги бар. Президенттен министрге чейин эмне деп гана аташпайт. Депутаттардын бардыгы мага каймана аттарды коюшту. Кечээ эле депутаттар мени "жинди" дешти. Депутаттар мен жөнүндө ушинтип айтканда менин авторитетим өсүп жатат. Анткени эл ойлоп жатат кантип бул жиндини министр кылып койду деп.

А мен 30 жыл бою талкаланган саламаттыкты сактоо тармагында эки айдын ичинде реформа жасадым. Бардыгы таң калышты. Дарыгерлер советтик системага кайтып келдик деп сүйүнүп жатышат. Алар COVID-19дун биринчи толкунунда эмне кылышты билбей калышканын айтышты. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми андай болбойт. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baisogur
2021-07-02 18:47:45
Красавчик
-1
Islam98
2021-07-02 18:50:11
Коойчуу
0
Zumrudianka
2021-07-02 19:17:50
Кандай суйлосо да иштин майын чыгарып атат. Молодец. Коро албагандар туз ###### отура бергиле. А депутаттарга келсек алар оздорун билишсин, лапшагондор, чимкириктер, жеп жутарлар, арам тамактар, эл душмандары, алкаштын жугундукорлору
-1
algakaray
2021-07-03 03:08:20
Мактангандай иштесе эле анда жакшы
0
ulaAjidar
2021-07-03 06:59:40
Ооба кыйраттын..
+2
nargiz-sa
2021-07-03 09:22:37
Мээси айнып калган деп бекер айтышпай жатышат экен да
+2
aslan_akjol89
2021-07-03 12:07:55
Эки кошунан мактаса эле эл мактап жатат деп тушуно бересинби урматтуу министр?
0
modem4999
2021-07-03 12:59:49
Анжелика биякта калды го
0
adilbars
2021-07-03 15:44:15
Койчу, укпаппыз андайды, бирок элдин давлениесин аябай эле көтөрүп атасыңар да!
0
Kamchy-bek
2021-07-03 19:25:21
Атасынын чокойу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан