Парламент: Депутаттык топтордун статусу талкууланууда

ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйыны уланууда. Анда парламенттеги депутаттык топтордун статусу жөнүндө сөз болууда. Депутат Абдимуталип Кочкорбаев каралып жаткан мыйзам долбоорундагы айрым нормаларга каршы экенин айтты. "Депутаттык топтогу эл өкүлдөрү кайсы бир маселелер боюнча демилгелери, сунуш-пикирлери болсо фракцияларга кайрылат деп жазылып турат. Алар фракциядан чыгып кеткени үчүн депутаттык топторду түзүшкөн. Анан кантип кайра фракцияларга кайрылат? Алардын демилгесин палатага алып чыгууга уруксат бериш керек",- деди Кочкорбаев. Комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева айтылган сунуш эске алына турганын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан