Коңшу Казакстандын Уральск шаарына жакын жерде Кыргыз жаранынын жүк ташуучу унаасы кырсыкка кабылып, үч күндөн бери жатат. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, Казакстандын жараны кырсыкка кабылган унаа кыргыз унаасы экенин айтып, бирок эч бир кыргыз номерлүү унаалар үч күндөн бери токтобой жатканын белгилеп, таң калып жатканын жашырган эмес.
"Айдоочулардын айтымында, кырсыкка кабылганына үч күн болгон. Алардын айтымында, үч күндөн бери эч ким токтобой жатат. Урматтуу кыргыз туугандар, казак туугандар! Келгиле жардам берели. Мына азыр эле эки кыргыз унаасы өтүп кетти. Чынын айтсам мен таң калып жатам", - деген ал.