Эртең, 29-октябрда Ош шаарынын айрым кичи райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Ошэлектр” ишканасынын пландалган иш-аракеттеринин негизинде электр жарыгы эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейин берилбейт. Алар: Курманжан датка, Амир-Темир жана Калинин кичи райондорунун аймактары. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.