Биз социалдык тармакта

Чек ара: "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 50дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз өлкөсүнүн Казакстан менен болгон чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 50дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

"Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. 2021-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда кезекте 50гө жакын жүк ташуучу унаа турат", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле учурда УКМК бош жүк ташуучу унаалар Казакстанга "Кең-Булуң" өткөрмө пункту аркылуу ээн-эркин өтсө болорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан