Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы болуп Бахадыр Конуров дайындалды.
Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Кайрат Маматов иштеп келген.