Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбордук бөлүгүндө шаардын көркүн бузган имаратты демөөрчүлөр оңдоп бермей болду

Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан эски үйдүн фасады оңдолот. Бул тууралуу Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Шаардыктардын, Киев көчөсү 135 дарегинин жашоочуларынын жана социалдык тармактардагы көптөгөн кайрылуулардын негизинде сүйүктүү борборубуздун сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдү таптык. Жакынкы аралыкта өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен бул үйдүн алдыңкы бөлүгүн калыбына келтирүү иштери башталат", - деп жазган Нусувалиев.

Буга чейин аталган үйдүн көрүнүшү талкуу жаратып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан