COVID-19га каршы эмделген жарандардын пайызы боюнча алдыңкы өлкөлөр аталды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, агенттиктин изилдөөсүнө ылайык, Бириккен Араб Эмираттары Сейшел аралдарын артта калтырып, эмдөө боюнча лидер болду. БАЭде 15 миллион 500 миң адам эмдөөдөн өткөн - бул өлкө калкынын 72 пайызын COVID-19дан коргоого жетиштүү.
Сейшел аралдарында 138 миң доза вакцина колдонулган, бул калктын 71 пайызына жетиштүү.
Рейтингдин үчүнчү сабын Бахрейн ээледи, анда 2 миллион эмдөөнүн жардамы менен калктын 69 пайызы эмделген.
Ошондой эле алдыңкы бештикке Мальта (683 миң доза, эмделгендер 69 пайыз) жана Кайман аралдары (89 миң доза, эмделгендер 68 пайыз) кирди.