ИИМ жыл башынан бери Камчы Көлбаев, Максат Абакиров жана Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 143 мүчөсү кармалганын жарыялады. Кармалгандардан жардыргыч зат, атуучу курал, ок-дарылар жана баңгизаттары табылганы айтылды. Буга чейин да укук коргоо органдары аталган кримтөбөлдөрдүн кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалып жатканын байма-бай жарыялап келген. Бирок кримтөбөл Камчы Көлбаевди райондук сот "бирөөнү коркутуп, мүлк талап кылуу" беренеси боюнча гана айыптуу деп таап, калган беренелер боюнча актады (анын ичинде “кылмыштуу топту уюштуруу” беренеси да бар). Эгерде Камчы Көлбаев кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары акталса, анда анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармоонун зарылчылыгы барбы? Бул суроо боюнча бир катар инсандардын ой-пикирин сурадык.
Артур Медетбеков, “Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси:
- Биринчиден, уюшулган кылмыштуу топту түзүүчү, же уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө жардам берүүчү, же мүчөсү экени такталып, далилденсе, анда жазасын тартат. Бирок, тилекке каршы, биздеги уюшулган кылмыштуу топтун башчысы же уюштуруучусу деген иш менен кармап, бирок сотко келгенде далилденбей калып, башка беренеге өтүп кетип жатат. Көлбаев уюшулган топтун башчысы боюнча айыпталып, сотто далилдер жетпей калган болуш керек. Кармалганда "Сен кимдин кылмыштуу тобуна киресиң?" десе, алар Батукаев, Көлбаев же Алманбеттин деп айтып коюшу мүмкүн, бирок айткан соң далилдер болсо бир жөн.
Экинчиден, укук коргоо органдары "кылмыштуу топтор менен күрөшүп, кылмышкерлерди кармап жатабыз" деп имидж түзүү үчүн чыгарып жатышат. Мындан улам элде туура эмес түшүнүк пайда болушу мүмкүн. Кылмышкерлерди жанындагы курал- жарактары, баңгизаттары менен кармоо боюнча буйрук, сүйлөшүүлөр, видео, документтер сыяктуу далилдер болсо ачык айтса болот эле. Далилдеш үчүн факты, документтер керек.
Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
- Бизде чоң кылмыштуу топтор да, кичинекей кылмыштуу топтор да көп. Батукаев жана башка кылмыштуу топ маселелери бийликтин криминалга тиешеси бар экенин көрсөтүп жатат деп ойлойм. Коомубузда болуп жаткан коррупциялык иштердин да буга тиешеси бар. Бийлик тараптан сот системин реформалоо маселесин чечебиз деп айтылган, бирок бул чечилген жок. Мындан күч органдарынын бир калыпта иштебей, ар кимиси ар жакка тартып жатканын, бийликтин чабалдыгын көрүүгө болот. Анткени коомдо тартип болуп, мыйзамдар иштеши керек. Бизде болсо жазылган мыйзам менен жасаган иш эки башка болуп калып жатат. Ошол себептен мамлекетте баш аламандык өкүм сүрүүдө. Кандайдыр бир деңгээлде катуу чараларды көрүү керек. Алгач күч органдарынын жетекчилерин мыйзам жолуна салыш керек. Ошондо криминал дүйнөсү өзүнөн-өзү жоголо баштайт. Бийлик, күч органдарында жетекчилер күчтүү болуп, мыйзамдын негизинде коррупцияга аралашпай иштесе баары чечилет.
Марат Казакбаев, саясий серепчи:
- Камчы Көлбаев акталбаш керек болчу. Анын криминалдын лидери экенин баарыбыз билебиз. Эгер акталаса, бул мыйзам бузуу деп эсептелет. Көлбаев кылмыштуу топтун лидери да, бул акталса анда мунун мүчөлөрүн деле актап алыш керек да. Анда элге да "Көлбаев негизи кылмышкер эмес" деп айтып, мүчөлөрүн деле актап башташсын?! Башкы прокуратура да бул ишти караш керек болчу. Эмне үчүн булар карашкан жок? Менин оюмча, бул коррупция. Укук, сот реформасы боюнча жөн эле декларация жарыялап койбой, иштетиш керек. Бардык нерсе ошол жактан башталып жатат.
Болотбек Ногойбаев, ИИМдин экс-жетекчиси:
- Негизи, Камчы Көлбаевге бир нече эпизод менен күнөө коюлган. Ошонун эки эпизоду калды. Ал "мыйзамдагы ууру" болгондуктан, жалгыз жүрүшү мүмкүн эмес. Уурунун тегерегинде дайыма адамдардын тобу жүрөт. Азыр аталган берене боюнча акталганы менен, апелляция берилет да, кайра көтөрүп чыгат. Ал "мыйзамдагы ууру" болгондон кийин уюшулган топтун түзүүчүсү деп жоопко тартылат. Бул сатылма сотторубуздун кылган иштери. Коомчулуктан да болуп жатат. Эл биринчи соттук териштирүүдө көрсөтмө берет. Бирок криминал элдин баарын коркутуп-үркүтүп, "үй-бүлөңдү кырам" деп коркутуп сатып алып жатат, соттор сатылганы аз келгенсип, бийлик тарап кылмышкерди кармап, мойнуна айыптарды илип тим болбостон, фактыларды көрсөтүшү керек. Мыйзамды да өзгөртүү керек. Эл алгач мени урду, сокту, акча доолады, коркутту деп арыз берип, эртеси күнү "буга эч кандай дооматым жок" деп чыгат. Ошенткендерди да жоопкерчиликке тартыш керек. Мыйзамды өзгөрткөндө Камчыга окшогондорду бошотуп, "доом жок" деп калп айткандарды соттош керек болот. Мисалы, Америкада туура эмес билдирүү жасап, көрсөтмөңдү өзгөртсөң, жоопко тартышат.
Токтогул Какчекеев, саясий жана аскер иштери боюнча серепчи:
- Көлбаевдин Кыргызстанда суралып, теңинен көп беренелери алынып салынып, бир, эки берене менен 5 жылга гана камалгандыгы таң каларлык эмес, катардагы иш. Анткени Көлбаевди Американын Каржы министрлиги Орто Азиядагы уюшулган кылмыштуу топтун жетекчиси жана эл аралык кылмыштарды уюштургандардын бири деп далилдеген. Демек, бул өтө оор күнөө жана Америка менен карама-каршы турган адамдар соо калбайт. Же камалат, же атылат. Ошондуктан Көлбаевдин туугандары дагы буга нааразычылыгын айтып “балабыз тентектик кылса кылгандыр, бирок эл аралык деңгээлдеги кылмыштарды жасабайт” деп айтып чыккандары баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү көрүнүш Көлбаевдин "Американын туткунуна түшкөндүн ордуна, болгон кылмышты Кыргызстанда чечип, өз жолум менен аман-эсен калайын" деп ишти бүтүргөндүгү болуп эсептелет. Соттун чечими менен Көлбаев мамлекеттик иште иштеп жатыптыр. Ал өзүнүн ишинде иштейт. Бирок жеке иш кылбайт, анын жан-жөкөрлөрү, кол алдындагылары өзүнчө иш алып барыша берет. Анткени кылмыш тобунун өзүнүн мыйзамы бар: майдалары иштейт, ортолору талдайт, чоңдору баарын таразага салат, эң башчысы карап турат, кимиси кандай иштеп жатканын. Алардын тартиби өтө күчтүү. Көлбаевдин тобунан кармалды деген сөздөр эми деле боло берет.