Бүгүн, 5-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 150 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 5-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 150 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 593 метр куб, агып чыгышы 416 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
2-июлда суу сактагычта 11 миллиард 104 миллион метр куб суу бар болчу.