Депутаттар өлкөнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сөз болду.
Депутат Айбек Осмонов: "Тышкы иштер министрлиги көрүнгөндүн талапкерлигин көрсөтүп, бул жактан өткөрөт экен. Түркиядагы элчи иштебей элибиз кыйналып жатат", - дейт.
Депутат Шайлообек Атазов элчи түрк тилин билбей турганын белгиледи. "Стамбулда өткөн иш-чарага бардык өлкөнүн элчилиги келди. Биздин элчибиз келген жок. Ал жерге Кыргыз өлкөсүнүн эски желегин коюп коюптур. Анкарада элчилик боюнча жаман пикирлер айтылып жатат", - деди ал.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев отчёт бергенде келе турганын айтты.