Биз социалдык тармакта

Бишкектин Свердлов районунда мечиттер текшерүүдөн өттү

Свердлов акимиаты мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу, бет кап тагынуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча плакаттар таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылыңыз, алар сизге сөзсүз кеңеш беришет. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Бет кап тагынууну, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаңызды чыңдоону унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан