Алма ширесине суу кошулуп суюлтулган суусундук ысыкта эң жакшы жардамчы деп билдирет Орусиянын суусундук чыгаруу долбоорунун менеджери Людмила Хомич басылмаларга берген маегинде.
“Жөнөкөй таза суу сиздин суусунуңузду кандырат. Бирок бул жетишсиз. Кан басымды жана бардык зат алмашуу процесстерин нормалдаштыруу үчүн организм туз балансын сакташы керек. Буга алма ширеси аралашкан суу жардам берет” - деген ал.
Ал эми канадалык илимпоздордун акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, мындай суусундук организмдеги туздардын тең салмактуулугун жакшы калыбына келтирет. "Алма ширеси атайын электролиттерге караганда 17 пайызга эффективдүү болгон" дейт адис. Эң башкысы мындай суусундуктун курамында калий бар, ал организмдеги суу менен туздун тең салмактуулугу үчүн жооптуу болгон негизги элемент.
Пайдалуулугуна карай кычкыл ширелерди ичүү: апельсин, грейпфрут же мөмө-жемиш суусундуктары сунушталат. Булардын курамындагы органикалык кислоталар денедеги кислота балансын сактоого жардам берет.