Орусиянын Усурийск шаарындагы Приморский мамлекеттик айыл чарба академиясына бюджеттик негизде Кыргыз жарандары үчүн 20 орун берилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынан талапкерлер үчүн Приморский мамлекеттик айыл чарба академиясына төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окуу үчүн 20 бюджеттик орун бөлүнгөн:
- Агроинженерия;
- Агрономия;
- Агрохимия жана агроөсүмдүктөр;
- Ветеринардык-санитардык экспертиза;
- Зоотехния;
- Токой чарбасы;
- Өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү.
Кабыл алуу эрежелерине ылайык, чет өлкөлүк уюмда билим алгандыгы жөнүндө күбөлүк алган абитуриенттер Академияга кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча кире алышат.
Документтер академиянын http://primacad.ru/ сайты аркылуу "Абитуриент" бөлүгүндө дистанциондук түрдө электрондук түр менен тапшырылат.
Кирүү тесттери ПМАЧАнын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт.
Документтерди кабыл алуу - 20.07.2021-жылга чейин.
Киришүү сынактары - 29.07.2021-жылга чейин.
Катталуу - 17.08.2021-жылга чейин.
Окуунун башталышы - 2021-жылдын 1-сентябры.
Ошол эле учурда бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушат (койка - орун баасы айына 800 рублдан). Мындан сырткары биринчи курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилет.