Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды атайын операция менен кармалып, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. Түрк президенти бул маалыматты айтканына андан бери жарым күн өттү.
Ал эми өлкөдөгү бир дагы жооптуу мекеме азырынча бул боюнча так маалымат бербей жатышат.
Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине байланышканыбызда тергөө жүрүп жатканын билдиришти. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышып, так жооп алуу мүмкүн болгон жок.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин телефон номери өчүрүлгөн.
Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги дагы бул боюнча маалымат тарата элек.