Алмазбек Атамбаев: "Мамлекеттик органдардын милдеттерин терең талдоо менен коррупциялык схемаларды жок кылыш керек"

Бүгүн, 28-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү маселеси карала турган 4-ноябрдагы Коргоо кеңешинин жыйынына даярдыктын жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселесин бир гана укук коргоо органдарынын аракеттери менен чечүү мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

 

“Мамлекеттик органдардын жана кызматтагы адамдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын терең талдоонун негизинде коррупциялык схемаларды жок кылыш керек. Мыйзамдарда жана мамлекеттик кызматты уюштурууда керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө басым жасалышы зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 

Мамлекет башчысы бул ишке жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кеңири тартуунун маанисин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан