КРнын Суу кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда "КРнын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган болчу. Мыйзамдын максаты – Суу кодексинин айрым жоболорун Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерине ылайык келтирүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук жактан камсыз кылуу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан