Депутаттар тышкы карыздын өсүп жатышына өкмөт көз жумуп жатканын айтышты

ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 28-октябрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов энергетиктерди сынга алды. "Энергетиктер акчаларды уурдап жатат, ал эми Каржы министрлиги алар дагы көбүрөөк уурдасын деп көп акча бөлүүдө",- деди эл өкүлү. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковго кайрылып: "Силер кимге канча каражат керек экендигин эсептедиңер, бирок ошол акчаларды алар алып жатабы? Бул башка маселе. Ошондуктан тышкы карызыбыз өсүп жатат, буга өкмөт көз жумуп келүүдө. Баары уурдап жатышса, биз бүгүн кантип энергетика тармагын каржылоо тууралуу сөз кылабыз?",- деген депутат өкмөт "Кумтөр" боюнча меморандум түзүүгө 2 миллион доллар жумшаганын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан