Нурсултан Назарбаев 30 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүндө эч нерсе жасалбаганын айтты

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев "Бейнеге сүртүмдөр" даректүү тасмасында эгемендик алган 30 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө эч нерсе жасалбаганын билдирди.

Ал Казакстан Батыш өлкөлөрүндөгү демократияга умтуларын айтып, бирок азыр алар демократиялык өнүгүүнүн жолунда экенин айткан.

"Демократиянын аралы… Кыргыз өлкөсү. Бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүндө бир нерсе жасалдыбы?! Ар бир президентти колдодум. Бул жакка чакырдык, акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aibek_eka
2021-07-06 16:53:17
Туура айтыптыр
+11
bekhaliev
2021-07-06 17:04:31
Туура кабыл алыш кк
+12
suban78
2021-07-06 17:13:05
За то бизде рынок экономикасына ынгайлашкан, келечектуу майда ишканалар курулуп жатат. Килтейген завод куруп мамлекеттен акча алып, пайда алып келбеген нерсенин эмне кереги бар. Бизде келечекке пайдубал ишенимдуу курулуп жатат. СССР деле кыйрабадыбы кандай ресурстары менен.
-1
Qwer007
2021-07-06 17:16:22
Тура айтылган, демократия деп эле кыйкыра бербей биринчи экономиканы которуш керек. НПОшниктерди киргизбей Инвесторлорду киргизиш керек
+5
Real98
2021-07-06 17:54:15
Чындык ушундай ачуу болот. Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле. Эркекче биздин депутат, министрлерге теппейт бул сөз. Намыс деген жок!
+2
Ngazi
2021-07-06 18:14:16
Мунайын, газын болбосо кандай башкараар элең Нурсултан аксакал. Экономика дейсин, экономиканы сен жасаган жоксун да, Кудай берген байлыкты диктатордук режим менен башкардың,үй бүлөңдүн жана чөйрөңдүн жеген миллиарддары Европада инвестиция катары айланып жүргөн үчүн алар үчүн жакшысын. Кыргызстан 30 жыл бою атуулдук коом курууга, демократия калыптандырууга умтулуусу менен сенин чексиздигине коркунуч болду, ошончо байлык менен бизден да жакшы демократия кура алмаксын каалоң болсо.
+3
Rusi79
2021-07-06 18:33:09
Бизде нефть,газ болбосо да мээнеткеч элибиз бар экен ар жерлерде тырмалап журушуп жашоо турмуштарын ондоп жатышат.Бийлик озун озу эптеп элге шарт тузуп берсе буйуруса мамлекетибизди ондоп алабыз.
+4
Rifle_I
2021-07-06 18:41:38
Бизде нефть газ жок, бирок алтын бар эле. Акаев бекер президент болгон. Чынгыз Айтматов ошол учурда Насирдин Исановду койгондо өнүгүп кетет белек. Чыккынчылык кылып коюшкан да аттуу баштуулар ошондо.
+5
Mayrambek.Kalpakov79
2021-07-07 11:28:00
Бизде эң башкысы эркиндик бар!
Буйруса баары жакшы болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан