Биз социалдык тармакта

АН-26: Жүргүнчү бир тууганына учуу убактысы кармалып жатканын билдирген

Охот деңизине кулаган АН-26 жүргүнчү ташуучу учагынын жүргүнчүсү 35 жаштагы Иван Сивак учакка отурар алдында учуу кармалып жатканын бир тууганына чалып айткан. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, ал Палана шаарына мектептин курулушуна иштөө үчүн бармак. Учака отурар алдында ал учуу кармалып жатканын, учакка отургандан кийин телефон чалып коёрун айткан. Бирок чалган эмес.

6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан