Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө 4 миң гектар аянтты ээлеген жаңы шаар курулат

Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда профилдик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн жыйында бүтүндөй өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн катализатору боло турган туризм жана инвестициялык потенциалы жогору делген аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» пилоттук долбоору тааныштырылып талкууланды. Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.

Долбоордун авторлорунун айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү менен экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жыйындын жыйынтыгында, аталган долбоор боюнча ар тараптуу анализдөө жана керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, кургак жерлерди трансформациялоо, керектүү инженердик жана байланыш тармактарынын наркын, ошондой эле тармактарга жараша алардын кирешелүүлүк деңгээлин изилдеп чыгуу сыяктуу маселелер боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jigit.paren
2021-07-07 06:19:19
Эң сонун Көлдүн каерине салынат болду экен Тескей тарапка салгыла.
+1
Tursunbaev1978
2021-07-07 06:47:07
Жакшы жаңылык,бирок сөздөн ишке өтүш керек
+3
algakaray
2021-07-07 08:57:45
Колдун жолу юг жагы башталат деп атат, эми шаар курулат деп атат ишке ашса экен. Онугуп осолу Кыргызстан
+1
Dembele84
2021-07-07 09:37:31
Баткенге куруш керек мындай шаарларды.Баткенди онуктруобуз деп алып кол бишкек деп журосунор кок мээлер!
+16
suban78
2021-07-07 10:49:59
Тундук туштук жолун да коккууй мындай болото, андай болот деп видеорликтерди чыгарып жатып баштады эле, токтоп эле калды го. Эптеп элдин козуно иштеген адам болуп акча жемей окшойт мунусу деле.
+4
Nur-sultan
2021-07-07 11:09:20
Шаар болгон соң таштанды көп чыгат. Канализация маселесин да жакшы ойлонушу керек. 700 000 адамдын бок - сийдиги кайда төгүлүп көлгө терс таасири болбошу керек. Анан да Ыссык - Көл суу агып чыкпаган көлдөрдүн бири. Көлгө суу куйуп турган өзөндөрдү бууп салбаш керек. Арал деңизине окшотуп соолутуп албайлы кереметтүү көлүбүздү
+6
Mr.altynbek
2021-07-07 11:28:09
Фанаттарга жакпаган комент жазсан болбой калышчу эле,айтып койгула биринчи баткенге капсула салган заставаны бутурсун популист болуп алдай бербей
+6
bond02
2021-07-07 12:09:48
Кайсы акчага?
+1
modem4999
2021-07-07 13:45:41
Тиги Баткендеги военный городокту бутургулочу биринчи.
+3
Nina.alex
2021-07-07 13:58:33
700000мин кишиге жумуш кайдан таап беришет бооду экен. Мындай бир реальныйплан кылсанар боло
+2
NURSAPAR
2021-07-07 14:16:09
Ысык-Көл Кыргызстандын бермети, башка жакка курсаңар болмок.
+2
muslima-0788
2021-07-07 15:25:41
Коколотуп мактап алып келген акавиз Ысык колунон баштаган го ишти.Озуно тартат экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан