Милициянын кайгуул кызматы 6-7-июль күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында "За рулем" аталышындагы рейд өткөрөт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат бүгүн жана эртең жол кырсыктарынын алдын алуу, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында Бишкек шаарынын борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдө рейд өтөөрүн эскертет. Айрыкча коопсуз курун тагынбагандарга жана унаа айдап бара жатканда телефон колдонгон айдоочуларга өзгөчө басым жасалат.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, айдоочунун жана унаанын керектүү документтери болуусун эскертет.