Биз социалдык тармакта

"Евро-2020": Бүгүн экинчи жарым финалдык оюн болот. Анда Англия Дания менен кез келет

Бүгүн, 7-июлдан 8-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун экинчи жарым финалдык беттеши Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт.

Бүгүнкү оюнда Англия менен Дания курама командалары кез келет. Англия жарым финалга Украинаны 4:0 эсебинде жеңип чыкса, Дания Чехияны жеңип чыккан. Жарым финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

Жарым финал: Англия - Дания;

"Уэмбли" стадиону (Лондон шаары, Англия);

Башкы калыс: Данни Маккели (Нидерланды).

Бүгүнкү оюнда жеңишке жеткен команда турнирдин финалына чыгып, анда Италия менен ойнойт. Финалдык оюн 11-июлда Лондон шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан